Гүлчө - Кабылан-Көл унаа жолуна жер көчкү түштү

27-майда саат 06:00 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө - Кабылан-Көл унаа жолунун 16-чакырымына жалпы көлөмү болжол менен 1500 метр куб болгон жер көчкү түшкөн. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда унаалар айланма жол менен өтүшүүдө. Жер көчкүнү тазалоого Транспорт жана коммуникация министрлигинин жолдорду эксплуатациялоочу мекемеси тарабынан 1 даана жүктөгүч жөнөтүлдү. Ошондой эле жер көчкү түшкөн жерге ӨКМнын мониторинг департаментинин атайын адиси жөнөп кетти.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан