60-жылдардагы моданын символу, англиялык легендарлуу модель Твигги (өз аты Лесли Хорнби) бүгүн, 19-сентябрда 68 жашка толду.
Өтө арык болгондуктан классташтары аны "таяк" деп аташкан
Лесли Хорнби 1949-жылы 19-сентябрда Лондондун Нисден деген аймагында жарык дүйнөгө келген. Кичинекей чагынан өтө арык болуп, классташтары аны "таяк" деп шылдыңдашчу. Мектепти аяктагандан кийин эжеси эмгектенген чачтарачканага барып иштеп калат. Аны менен чогуу иштеген Томми де Вильнев аттуу бала Леслинин модель болуу үчүн жаралганын айтып, Жастин аттуу байкеси менен тааныштырат. А бирок кыздын боюнун узундугу болгону 165 сантиметр (ошол убакта бардык моделдердин бою 180 сантиметрден өйдө болчу) эле. Жастин аны модель кылууну көздөп белгилүү чач тарач досу Леонардо менен тааныштырган. Ошентип Лесси Леонардонун салонун жарнамалап сүрөткө түшүп, моделдик карьерасын баштайт. Аны сүрөткө тартып жаткан фотограф Барри Латеган ага Твигги (англис тилинен которгондо камыштын сөңгөгү) деген ат коюп алган. 1966-жылы "Daily Express" гезити Твиггини "Жылдын жүзү" деп атаган.
Атактуулукка жетип, көп акча таба баштаганда модель кирешесинин жарымын анын элге таанылуусуна түрткү болгон, кийинчерээк жигитине айланган Жастинге берип турган. Твигги моделдиктен сырткары ырчылыкка аралашып, алгачкы ыр жыйнагы Япониядагы хит-параддарда биринчи орундан түшкөн эмес. 1971-жылы америкалык режиссёр Кен Рассел менен таанышып, анын "Дос" ("Приятель") тасмасында башкы ролду ойноого макул болгон.
Кинодогу өнөктөштөрү менен үй-бүлө курган
Көп өтпөй "W" аттуу фильмге актёр Майкл Уитни менен тартылып, кинодогу сүйүшкөндөр чыныгы жашоодо дагы мамиле курушкан. 1977-жылы экөө үйлөнүп, Карли аттуу уулдуу болушкан. Майкл Уитни алкоголдук ичимдикке берилип кетип 52 жашында жүрөк оорусунан улам каза болгон. 1988-жылы модель Ли Лоусон аттуу англиялык актёрго турмушка чыккан. Твигги учурда ырчылык, алпаруучулук менен алектенет.
Твигги тууралуу кызыктуу фактылар:
1. Моделдин 60 жылдык юбилейинде анын урматына "Твигги-роза" деп аталган гүлдүн түрү чыгарылган.
2. Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон кыздар Твиггидей арык болуу үчүн тамак ичпей эс-учун жоготуп кулашкан учурлар көп болгон. Моделдин салмагы 50 килограммга жетпей, параметри 78-55-80 болгон.
3. Ал пластикалык операцияларга каршы болбогону менен, ботокс кылдырууну туура эмес деп эсептеп, анын адамдарды түрүн суук кылып коёрун айтат.
4. Твиггинин визиттик карточкасы эркектердикиндей кыска чачы жана коюу, узун кирпиктери болгон.
5. Өзүнүн моделдик карьерасында бир дагы жолу подиумга чыккан эмес.
6. 1967-жылы "Mattel" компаниясы Твиггини үлгү кылып Барби куурчагын чыгарган.
19-сентябрдын жылнаамасы.