"Позитивдүү жеңе" атка конгон Сайкал Жумалиева орус телеканалынын "Чексиз сүйүү" берүүсүнө катышып, орусиялык жигиттин жүрөгүн багындырды

Жайында жайлоодогу бийи менен "позитивдүү жеңе" атка конгон жаш блоггер Сайкал Жумалиева "Мир" телеканалынын "Чексиз сүйүү" реалити-шоу берүүсүнө катышты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына маалымдады.

"Бул долбоорго тартылууну аталган программанын продюсери өзү сунуштады. Ал мени интернеттеги видеолорум аркылуу издеп, тааптыр. Бизде кыргыздар менен чет элдиктер үй-бүлө курушса анчейин жактыра беришпейт эмеспи. Мына ушул түшүнүктү жоюп, улут аралык ынтымакты бекемдөө максатында долбоорго катышууга макулдук бердим. Тартуу иштери ушул жылдын август айында, Ат-Башыдагы Арпа жайлоосунда өттү. Менин түгөйүм болуу үчүн орусиялык Алексей аттуу жигит Кыргыз жерине келип, койгон талаптардын баарын аткарды. Программа 16-сентябрда телеканалдан көрсөтүлгөн, жакында интернетке чыгат", - деди Жумалиева.

Ал эми түгөйлөр мындан ары бирге болобу же бул шоу үчүн гана түзүлгөн сценарийби деген сурообузга Сайкал Жумалиева жооп берүүдөн баш тартты.

"Чексиз сүйүү" - бул дүйнөнүн ар тарабында жашаган жаштарды тааныштырып, алар бири-биринин каада-салты, үрп-адаты, тили жана улуттук өзгөчөлүктөрү тууралуу билүүгө шарт түзгөн реалити-шоу. Ал үчүн 3 күн убакыт керектелип, соңунда ата-эне, жоро-жолдоштору менен таанышкан соң түгөйлөр мындан ары бирге боло алышабы же жокпу чечим кабыл алышат.

"Чексиз сүйүү" реалити-шоу жакында назарыңыздарда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
kriss120
2017-09-19 10:35:07
Бул женени орус эле албаса кыргыз албайт
+6
Batma08
2017-09-19 10:55:55
kriss120,неге албайт? сен албасан башкасы жетбей жургондур кооп кыйын болбо
+1
Midub
2017-09-19 17:10:09
Batma08,алжандап эле бийлей берсе ким алмак эле
-2
Batma08
2017-09-19 10:54:56
Бактылуу болгула
+4
suban78
2017-09-19 11:01:47
Бул шоу да жон эле. Сонун.
+13
deva
2017-09-19 11:29:34
күтөбүз эртерээк интернетке чыксын көрсөтүү
+5
Lion.
2017-09-19 11:37:34
Оо туура кылыптыр. Муну Кыргыздар албайт деле. Кичине ХХХХ
-11
admin_superstan
2017-09-19 11:57:09
Lion., кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
+11
Batma08
2017-09-19 12:27:06
Озунчо эле кыйын болосунарго а озунорду билгилечи бирону сындагандан мурда
+9
Beks0207
2017-09-19 12:31:14
Бул оруска тийсин да биро озбекке тийсин да бироо кытайга кыргыз кыздар не болтасынар кечээ еле бироо жаакка жеди еле
0
Fidel
2017-09-19 13:40:28
Beks0207. кыргызча жазганды уйрончу,ж/а башкаларга тиешелуу!кыздар эмне болуп жатасынар айтылганда(атасынар) деп жазылат,(кечее,эле,жаака)ушундай жазылат, сен жазгандай тескери тамгалар менен ЭМЕС! Сага окшогондордун жазганын окуганда куйуп-куйуп кетем кайран Кыргыз тилим деп!
-2
surgeon777
2017-09-19 14:21:28
Fidel,туурасы кечээ, жаакка болот,калганы туура.
+6
admin_superstan
2017-09-19 14:49:36
Fidel, surgeon777, баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек (түзөтүлдү). Эскертүү!
+2
AzKumFerDan
2017-09-19 12:41:33
Современый болбой ал бале болгур.уят кыргыз качан ушинтип жүргөн.
0
Aidana94
2017-09-19 13:22:26
Жакшы экен мага жакты. "Патриот имиш" болгондордун дуйно таанымы дуйного болгон коз карашын озгортуш керек. Ал кылганыма окуном паириоттукка жатпайт ал шермендечилик деп сайраптырго милициянын алдында дагы бир патриотубуз.
+7
Boltbektemiroff
2017-09-19 13:24:12
Кыргыздар албайт дейсинер,эмне бул кыз башкачабы же озунорду ушул кыздан бийик коюп атасынарбы?баарынар ушул кыздай болсо болгондурсунар бирок ашыкча жеринер жок, Кыргыз кыргыз балдар менен уйбуло куруп келишкен,мындан кийин да ушул салт улана берет !!!
+9
sonka89.
2017-09-19 15:29:31
Сасыбагыла силерге окшогон мелочь ты башына урабы. Эркектей болгула!!!!
+9
Karban86
2017-09-19 18:27:07
Сый урматта эле журбойсунорбу болбогон нерсеге чукулаша бербей, туугандар.
+4
Jumahmatov
2017-09-20 09:27:02
Тий бирин оруска тий бирин кытайга тий бирин карейге тий бирок жээндерди кыргызстанга алып келбегиле жээн келгенче жети боору келсин дечу эле жээндерден жакшылык кутуп болбойт озунор эле кеткиле башка кыздарды дагы алдап суйроп кетбей
-1
Nanei
2017-09-20 11:16:07
Биздин кыргыз эркектердин тушунугу боюнча аялдар мушок кийип эле уйдо н чыкпай ,отура беришсе. Неге сынтакма,ушакчы,коро албас келесинер???ушунча суттон аксынарбы озунор???
+1
admin_superstan
2017-09-20 15:07:52
maksaim, кимдир бирөөнүн намысына шек келтирүүгө тыюу салынган. Коомдук этиканы сактаңыз. 3 күнгө БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан