Жабык имараттагы Азия оюндары: Бүгүн футзал боюнча Кыргыз курама командасы Таити курамасы менен беттешет

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында футзал боюнча Кыргыз курама командасы Таити менен беттешет.

Кыргыз футзалчылар Азия оюндарынын алкагындагы футзал боюнча мелдешинин 2-турунда Таити курамасы менен беттешет. Амиржан Муканов баштаган футзал боюнча Кыргыз курама командасы чүчү кулактын жыйынтыгында "D" тайпасына туш келип Иордания, Таити жана Иран өлкөлөрү менен күч сынашууда.

Эске салсак, Кыргыз курама командасы алгачкы беттеште Иордания курамасына 1:7 эсебинде жеңилип калган.

2-тур, 19-сентябрь:

Беттештер Бишкек убактысы боюнча өтөт.

12:00 - Кыргыз өлкөсү - Таити;

14:15 - Иран - Иордания.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rasul94
2017-09-19 13:08:44
Аман эсен келсенер болду
0
FCBMESSI
2017-09-19 13:19:49
Азыраак гол урдургула эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан