Бишкекте 21-24-сентябрь күндөрү эл аралык көчө театрларынын фестивалы өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 19-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, фестиваль Курманжан датканын эстелигинин алдынан башталып, бир нече борбордук көчөлөрдө жана сейил бактарда уланат. Ага Кыргыз театрларынан сырткары Орусия, Казакстан жана Тажикстандын театрлар тобу катышат.
Ошондой эле фестивалдын алкагында бир убакытта ар кайсы жерде бир нече кызыктуу оюн-зооктор өткөрүлүп, кол өнөрчүлөрдүн жарманке, көргөзмөлөрү орун алат.