Бишкек шаардык ИИББине 19 жаштагы кыз кайрылып, 25-март күнү өз атасы күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Маалым болгондой, кыздын энеси 2009-жылы көз жумган. Жабырлануучу кыздын айтымында, ошол убакыттан бери өзүн жана бир тууган эжесин атасы зордуктап келген. Атасынын мындай жапайы жоругунан улам эжесинин боюна бүтүп, аборт жасатканын да кошумчалаган арыз ээси. Укук коргоо кызматкерлери 26-май күнү кылмышка шектүү 58 жаштагы А. аттуу жаранды кармашып, ал Бишкек шаардык ИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.