Япониянын Хоккайдо аралында дүйнөдөгү эң өзгөчө музейлердин бири жайгашкан. Ал 1908-жылы курулуп, "Кар музейи" деген атка конгон.
Негиздөөчүсү - Накая Укитиро деген окумуштуу. Мындан улам музей анын атынан аталган. Музейдин өзгөчөлүгү - кристалл жана суудан катырылган кар, муздар. Андагы карлар өтө майда болгондуктан сүрөтчүлөр аны тартып, чагылдырууда түйшөлүп келген болсо эми техниканын өнүгүшү менен сүрөткө тартуу мүмкүн болуп калды. Музейдин ичи өтө чоң болбогону менен 1 чарчы метр жерине 350 миллион бири-бирине окшобогон формадагы карлар батырылган. Укитиро өмүрүнүн көп бөлүгүн карды изилдөөгө арнап, карлар формасы боюнча бири-бирине такыр окшошпой тургандыгын аныктаган.
Ошондой эле карлардын ар түрдүү болуп тартылган сүрөттөрү да музейден орун алып, кооздугу менен көрүүгө келген адамдарды суктандырып турат.
Баса, жылдызча формасындагы карлардын баары тең 6 бурчтуу.
Ал эми бул жердеги концерттик залга жергиликтүү жылдыздар туристтер жана тургундар үчүн шаңдуу маанайдагы концерттик программаларын тартуулашат.
Музейдин ичи бир аз суук экенин эске албаганда, анын кооздугу келген туристтердин эч кимисин кайдыгер калтырбайт.