Аваз Акимов: "Жактырган кызыма сезимимди билдире албай жүрөм"

Бир нече мүнөттөрдөн соң ырчы Аваз Акимовдун SUPER.KG'нин түз эфириндеги маеги башталат. Анын жеке жашоосу же чыгармачылыгы тууралуу билгиңиз келсе, суроо узатсаңыз түз эфирден жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Аваз Акимов жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген собол ээсине белегин ыйгарат.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жообун алсаңыздар болот.

15:00 Аваз Акимовдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталды. Ал алып баруучулар даярдаган ойготкуч суроолорго жооп берүүдө.

15:10 Күйөрманынын "Башка жылдыздардан айырмаңыз?" деген суроосуна, "Өзүмдүн ырларым, келбетим менен айырмаланам. Бирок көпчүлүгү жөнөкөйлүгүмдү баса белгилешет. Учурда көп ырчылар бири-бирибизге окшошпуз. Өзгөчө болгонго аракет кылуудабыз, бирок эч эле ишке ашпай жатат. Азыр көбүнчө элдин талабына ылайык көп каражат алып келген той ырларын жаздырып жатабыз", - деди ал.

15:15 Алып баруучулардын жеке жашоосу тууралуу берилген суроосуна, "Бойдокчулук экөөбүз аябай жакшы достошуп алганбыз. Учурда сүйлөшкөн кызым жок, бирок жактырып жүргөн бир кыз бар. Ага сүйүүмдү арнайын дейм. Балким, ал мени жактырбайт деген ой тоскоолдук кылып, сезимимди билдире албай жүрөм", - деди ырчы.

15:18 Суроо: "Айганыш деген кызды чын эле жактырып, ал үчүн Спорт Ордосун айланып жүргөн экенсиз?"

"Жок, андай эмес. Бул тууралуу комментарий бербей эле койсом жакшы болмок", - деди ырчы.

15:20 Колдонуучунун ырчы Айдана Дека менен болгон мамилеси тууралуу узаткан суроосуна, "Айдананы карындашымдай көрөм, ортобузда сүйүү жок", - деп жооп берди.

15:25 Суроо: "Айдана Деканы Москвага алып барып, ойнотуп келүү үчүн карызга батып калыптырсыз. Андай эрке кызды эмне кыласыз?"

"Айдана Дека менен Москва шаарына концерт коюуга барганбыз. Аны ойното тургандай ал менин сүйлөшкөн кызым эмес. "Карызга батып кетти" дегенди биринчи жолу угуп жатам. Айдана өзүнүн ата-энеси менен жетиштүү үй-бүлөдө жашаган кыз. Өзү да иштейт, менден көп каражат табат. Менин акчама муктаж эмес", - деди Акимов.

15:30 Аваз Акимов менен Айдана Деканын аткаруусундагы "Аппагым" ырынын клиби көрсөтүлдү.

15:33 Колдонуучунун "Соңку ирет кантип өзгөрдүңүз эле?" - деген суроосуна "Чачымды сары кылып боёгом бир кезде, азыр ошол сүрөттөрүмдү көрүп күлүп калам. Сары чач менен 3 ай жүргөм. Стилди өзгөртүү үчүн чачымды кырганга даяр эмесмин. Калган нерселерди жасап көрсө болот", - деди ырчы.

15:38 Аваз Акимов алып баруучулар даярдаган оюнга активдүү катышууда.

15:47 Суроо: "Нурлан Насип ырдап чыккандан бери хан сарай салып, автоунаа алыптыр. Сизде кандай материалдык байлык бар?"

"Автоунаам жана адамгерчиликтүү сапатым бар. Киреше алып келүүчү жеке булагым деле бар, бирок ал жөнүндө айтууну туура көрбөйм", - деп жооп берди.

15:50 Ырчы аккордеондун коштоосунда жандуу үн менен "Чабалекей" деген ырын аткарууда.

15:53 Колдонуучунун "Атактуулуктун даамын татып көрдүңүз беле же ал убакыт келе элекпи?" - деген суроосуна, "Мага атактуулук келе элек. Алдыга койгон максаттарым көп, буюрса, ал деңгээлге эми жетем", - деди ырчы.

15:58 Суроо: "Айдана Дека экөөңөрдү бир нече жолу чогуу көргөм. Мамилеңерди жашырбай эле, үйлөнүп албайсыңарбы?"

"Ушундай суроолордон тажап кеттим, чынын айтсам. Жооп бербей эле койсом капа болбойсуңар ээ?" - деген жооп узатты.

16:00 Күйөрманынын суранычы боюнча "Келипсиң, чымчык кайрадан" ырын аткарууда.

16:03 Суроо: "Ырчы Нурлан Насип экөөңөр бир кызга ашык болгон учур болду беле?"

"Жок, андай учур болгон эмес. Ал жактырган кыздын курбусун мен, мен жактырган кыздын курбусун Нурлан жактырып калган учур болгон", - деди ырчы.

16:05 Аваз Акимовдун SUPER.KG'нин түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
tavanova.sarah
2017-09-20 14:59:03
Супер инфо, Идирис Айтибаевти дагы маеке чакырыныздарчы?
+3
admin_superstan
2017-09-20 15:08:49
tavanova.sarah, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
+2
madrid7000
2017-09-20 15:00:03
Кызыктырбайт
-4
Lekarstvosvoegomuja
2017-09-20 15:01:19
Салам Аваз. Сенин чыгармачылыгынды сыйлайм. Булбулдукундай унун бар. Ар дайым чыгармачылыгынды узбой ырдап жур. Анан эки суроом бар: Айдана Дека менен суйуу мамилеси бар деген ошол чынбы?? Анан ата энен, бала-чагын жонундо айтып берчи. Рахмат
+2
ashamkan
2017-09-20 15:02:42
Суроом жок бул ырчыга
0
Aitun
2017-09-20 15:02:52
Авазга суроом сыймык бейшекеевдин уйуно бир айда канча жолу барасын жана дагы деле сыймыкты ата аялын апа деп чакырасынбы?
+3
Aisuluu22
2017-09-20 15:13:00
Аваз Айганыш деген ырынызды айганыш деп эмес Айсулуу деп ырдап беринизчиии ????
-4
toolos1982
2017-09-20 15:20:12
Aisuluu22,Жакшы көрөсүңбү ээ Авазды Айсулуу ай Айсулуу
0
Yiman97
2017-09-20 15:18:37
Саламатсыздарбы! Аваз Акимов сизге иштеринизге ийгилик каалайм сизге суроом ушундай айтынызчы сиздин ушундай жанга жаккан суйкумдуу ырларыныздын себепчиси барбы сыр болбосо?
+2
Abdyrashit.Satylganov
2017-09-20 15:22:17
Салам АВАЗ, кичинеңде Акардеон менен ырдаган ырларың интернетте жүрөт. Ырдаган ырларыңдын арасында "Келипсиң чымчык кайрадан" - деген ырың жакты, Ошол ыр кимге таандык.. Жана ошондой эле ал ырды кайрадан эстрада жанрында ырдап чыкпайсыңбы? (ошол ырды түз эфирден ырдап берчи)
+1
Kanykei-meerimka
2017-09-20 15:25:44
Ырдагандан башка дагы кошумча иш менен алектенесинби,уйлонсон аялына кандай муноздогу куйоо болсун
0
Batma08
2017-09-20 15:26:07
Айдана дека болсо керекда жактырганы
0
gulzat91
2017-09-20 15:54:08
актуалдуу суроо.баланча доллар бер эмгек синирген артист наамын берем десе не кылмаксын?
+1
Yiman97
2017-09-20 17:36:36
Белекти туура эмес тандап алдынарго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан