Кыргыз Оскар комитети америкалык кинематографиялык искусство жана илимдер академиясынын "Оскар" сыйлыгына "Чет тилдеги мыкты тасма" категориясына режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасын сунуштады. Мындай маалыматты комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Координатор Таалайбек Кулмендиев кабарлагандай, тандап алууга эки тасма коюлган. Алар: Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы жана Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" фильми. Комитеттин мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында "Кентавр" тасмасы көп добушка ээ болгон.
Айта кетсек, кинематография жаатындагы "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи Лос-Анжелесте 2018-жылдын 4-мартында өтөт.