Эл аралык издөөдө жүргөн 13 кыргыз жараны Орусиядан кармалды

19-апрелден 20-майга чейин Чүй ОИИБинин кызматкерлери Орусиянын ИИМи менен биргеликте Орусиянын аймагында кыргыз жарандарынын уюшкан кылмыштуу тобунун бир нече мүчөлөрүн колго түшүрүштү. Алардын бири - жалданма киши өлтүрүү боюнча эл аралык издөөдө жүргөн Рустам Абдукаимов (сүрөттө). Кармалгандар жана аларга тагылган айыптар төмөнкүдөй:

1. Нурислан Шабданкулов, 1989-жылы туулган (зордуктоо, уурулук) 

2. Мигель Токтоналиев, 1989-жылы туулган (каракчылык)

3. Улугбек Батырбеков, 1983-жылы туулган (алдамчылык)  

4. Бейшенбай уулу Жолдубай, 1981-жылы туулган (каракчылык) 

5. Ырыскүл Бозжигитова, 1975-жылы туулган (бейбаштык) 

6. Изат Болжокеев, 1990-жылы туулган (адам уурдоо)

7. Кайрат Чекиров, 1992-жылы туулган (зордуктоо)  

8. Дастан Урустамов, 1986-жылы туулган (зордуктоо)  

9. Чыңгыз Маматов, 1984-жылы туулган (уурулук)  

10. Тагдырбек Назаров, 1986-жылы туулган (жол кырсыгына күнөөлүү) 

11. Алтынбек Мураталиев, 1977-жылы туулган (алдамчылык) 

12. Адилет Шеркулов, 1989-жылы туулган (аскердик кызмат өтөөдөн качуу)   

13. Рустам Абдукаимов, 1986-жылы туулган (жалданма киши өлтүрүү) 

Ушул эле убакытта кримавторитет Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү болгон  Назар Шералиев , Айбек  Сапарбаев,  Эдилбек  Кыдышев  кармалды. Учурда бул адамдарды Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат.  

Эл аралык издөөдө жүргөн 13 кыргыз жараны Орусиядан кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aslana
2013-05-27 14:53:58
Жаш эле жигиттер экен. Чычкактар десе "кылмыштуу топко" кирип авторитет куткон шылуундар!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан