ЖЫЛНААМА, 21-СЕНТЯБРЬ: Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова 79 жашка толду

Кыргыз театр жана киноискусствосуна көөнөргүс салым кошкон Кыргыз Републикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова бүгүн, 21-сентябрда 79 жашка толду. Өмүрүн бүтүндөй өнөргө арнаган актриса атасынын алтынчы аялынын тун кызы экендигин "Супер-Инфого" берген маектеринин биринде айтып берген.

Жамал Сейдакматова Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган. Москвадагы полиграф институтунун 3-курсун бүтүрүп, 1959-жылы Кыргыз академиялык драма театрына артист болуп кирген. Театрда иштеген 30 жылдык өмүрүндө чет элдик, орус, кыргыз классикалык драмаларында башкы ролдорду аткарган. Шамшиев, Океев, Базаров, Убукеев тарткан кинофильмдерде ролдорду аткарган.

1990-жылы "Туңгуч" жаштар театрын ачкан. Жамал Сейдакматова Мамлекеттик Токтогул атындагы, эл аралык "Руханият", Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгы болгон "Алтын дипломду" жеңип алган. Египет, Колумбия, Германияда өткөн эл аралык фестивалдарга катышкан. Бүткүл дүйнөдөгү түрк тилиндеги өлкөлөрдүн Башкортостанда өткөн эл аралык фестивалында Гран-прини жеңип алган.

Ал бүгүнкү күндө да талыкпай эмгектенип, театр жана кино тармагында топтогон тажрыйбасын жаштарга үйрөтүп келе жатат.

21-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
madrid7000
2017-09-21 12:26:22
чет жака чыгуучу паспортту неге кечиктирип жатышат билип бергилечи супер
0
admin_superstan
2017-09-21 12:32:18
madrid7000, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
tavanova.sarah
2017-09-21 12:44:44
"Эмгек синирген" наамын ушундай инсандарга бербей, каяктагы пиарчыларга беришет..
Куттуктайбыз!
+2
TazaKyrgyz
2017-09-21 12:48:11
tavanova.sarah,тууганым туура айтасыз куттуктайбыз куттуктайбыз
0
12.12.12
2017-09-21 12:48:26
tavanova.sarah, туура. Бирок бул эжебиз уже Кыргыз Републикасынын Эл артисти наамын алган. Ал наам Эл артистинен томон турат.
0
Nanei
2017-09-21 13:50:42
Ушундай эжелерди козу тируусундо туз эфирге чакврып койбойсунарбы??? Той ырчыдардан эл деле жадап калды.
+1
admin_superstan
2017-09-21 15:01:08
Nanei, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
Nanei
2017-09-21 15:28:09
admin_superstan,сизге да чоон ракмат
0
admin_superstan
2017-09-21 16:06:25
Alibay, далилсиз маалыматтарды жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
nur72
2017-09-22 01:49:16
куттуктайбыз эжеке жузго чыгыныз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан