21-май күнү УКМК жана Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан Баткен облусунда 100 тоннага жакын күйүүчү-майлоочу майды аткезчилик жол менен ташып бара жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, күйүүчү-майлоочу майдын жалпы суммасы 4 миллион 500 миң сомду түзгөн. Аталган факт боюнча 23-май күнү кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.