Жабык имараттагы Азия оюндары: Тилек Куралов казак күрөшү боюнча күмүш медаль тагынды

Балбан Тилек Куралов Ашхабадда өтүп жаткан жабык имараттагы Азия оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына күмүш медаль алып келди.

21-сентябрда казак күрөшү боюнча өткөн оюндарда Куралов 90 килограммдан өйдө салмак ченинде күрөшкөн. Ал алгач индиялык балбан Кечита Кесахды, андан соң монголиялык Пуревбаатар Гонгорду жеңип финалга чыккан.

Финалдык беттеште атаандашы казакстандык Айбек Нугымаровго жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Ал эми 70 килограмм салмакка чейинки категорияда балбан Мирлан Эралиев коло медаль жеңди. Ошондой эле ат оюндары боюнча Камиль Сабитов да коло медалга татыган.

Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн эсебинде 30 медаль бар. Алардын ичинен 2 алтын, 10 күмүш жана 18 коло медаль. Жалпы эсеп боюнча Кыргыз өлкөсү 15-орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2017-09-22 09:59:33
Азаматтар алга!!!
0
Riokyrgyz
2017-09-22 10:03:35
3алтын алсаңар эле эң алдыңкы мамлекеттердин катарына кирип калабыз,Жаратканым өзү колдосун.
0
televizor
2017-09-22 19:33:49
Тилек байке сиз менен сыймыктанабыз алга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан