ЖЫЛНААМА, 22-СЕНТЯБРЬ: Оюн талаасында бутун сындырып, тизесине 2 жолу операция жасаткан футболчу Роналдо 41 жашка толду

Дүйнөгө атагы чыккан белгилүү футболчу Роналдо бүгүн, 22-сентябрда 41 жашка толду. Футболчу катары карьерасын жыйынтыктаганына 6 жылдын жүзү болгонуна карабай Роналдонун күйөрмандары миңдеп саналат. Эки кашка тишинин аралыгы ачык болгону үчүн күйөрмандары тарабынан "Чоң тиш" ("Зубастик") атка конгон Роналдо бир канча ирет дүйнөнүн мыкты чабуулчусу аталган.

Роналдонун кыялдары

Роналдо Луис Назарио де Лима 1976-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында төрөлгөн. Ысымын ага апасы ымыркайдын киндигин кескен акушер Роналдо Валентенин атынан койгон. Үч жашында тили чыгып сүйлөгөндү үйрөнүп, 6 жашынан футбол дүйнөсүнө кызыга баштаган Роналдо келечекте дүйнө жүзүнө таанымал жана футбол дүйнөсүнүн тарыхында калган оюнчу болом деп ойлогон эмес. Карапайым үй-бүлөдө төрөлгөн. Ошол кездеги эң чоң кыялы - "Найк" фирмасынын бут кийимине жетүү болчу. Роналдону бала чагында достору жана жакындары Дададо деп аташкан, ага мындай ысымды кичүү иниси берген. Жаңыдан тили чыгып келе жаткан бөбөктүн Роналдого тили келбей Дададо деп айткан.

Футболдогу алгачкы кадамдар

Карьерасын 12 жашында "Валкейре" футзалдык клубунан баштаган Роналдо эң мыкты деп эсептелген футбол клубдарында ойногон. Чоң футбол дүйнөсүнө болгон алгачкы кадамын 1993-жылы "Крузейро" футболдук клубунан баштаган. Дал ушул клубдун курамында мыкты оюн көргөзгөндүгүнөн улам көптөгөн европалык клубдардын жаш оюнчуга болгон кызыгуусу арткан.

Дүйнөнүн мыкты футболчусу

1996-жылдан баштап "Барселона" футболдук клубу менен келишим түзгөн. Ушул эле жылы башталган чемпионатта Роналдо эң мыкты оюн көрсөтүп, ФИФАнын версиясы боюнча дүйнөнүн эң мыкты футболчусу деп табылган. Мындан сырткары футболчу белгилүү "Интернационал" , "Реал Мадрид", "Милан" футболдук клубдарында мыкты оюн көргөзгөн.

Көз жаш

"Интерде" Роналдо эң көп убакытка кармалган. Бул клубдун курамында 3 сезон ойногон. 1999-жылы футболчунун тизесине операция жасалат, 4 айлык тыныгуудан кийин күйөрмандар сүйүктүү футболчусун оюн талаасынан көрө алышкан. Бирок "Лацио" клубуна каршы ойноп жаткан мезгилде Роналдо тизесин кармап жыгылат, дал ошол мезгилде күйөрмандар анын көз жашына күбө болушкан. Текшерүүдөн соң анын тизеси сынганы айтылган. Бул ирет жасалган операциядан соң Роналдо 2 жылдан ашык тыныгуу алган. Мындай учурда футболчуну күйөрмандары жана белгилүү Зинедин Зидан, Пеле колдоп турушкан.

"Дададонун" кайтып келүүсү

2 жылдык тыныгууда Роналдо өзүнүн популярдуулугун жогото баштаганын сезет. Бул убакыт ичинде жаңы, мыкты оюнчулар чыга баштайт. 2002-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн ал талыкпай машыга баштаган. Дүйнө чемпиондугунда өзүн мыкты көргөзө алган Роналдо "Реал Мадрид" клубунун курамына өтөт. Ал эң мыкты футболчу деп эсептелген Зинедин Зидан, Луиш Фигунун катарын толуктаган. Мындан кийин Роналдо "Милан", "Коринтиас" клубдарында да өзүн мыкты көргөзгөн.

Акыркы оюн

2011-жылдын 7-февраль күнү Роналдо өзүнүн акыркы оюнун Бразилия курама командасы менен өткөргөн. Анда бразилиялыктар румыниялык курама командага каршы ойноп 1:0 эсебинде жеңип алышкан. Андан соң "Дададо" футболчу катары карьерасын жыйынтыктагандыгы тууралуу расмий жарыялаган.

22-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Patriot7
2017-09-22 13:45:37
Роналдо Роналдудан ашса ашып тушот, кем калбайт!!! Роналду Европа чемпиону болсо, Роналдо дуйно чемпиону!..
-3
Shekeev969798
2017-09-22 15:23:11
Роналдо десе Криштияну окшойт деп кирсем башка экен тан калдыи
0
bond
2017-09-22 17:19:40
Дуйно чемпионатында эн коп гол киргизген оюнчу.Криштиано
зубастике жетиш учун коп аракет кылыш керек.Зидандан да сураганда мен учун Зубастик эн кыйын оюнчу деп жооп берген. Менин футболго болгон кызыгуум дагы ушул оюнчу аркылуу башталган.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан