ЖЫЛНААМА, 22-СЕНТЯБРЬ: "Non stop" дуэтинин ырчысы Чолпон 27 жашка толду

"Non-Stop" дуэтинин ырчысы Чолпон Талипбек бүгүн, 22-сентябрда өздүк майрамын белгилеп жаткан убагы. Калың элдин катмарына таанымал болуп калган ырчы Чолпон ырчылык менен эле эмес, алып баруучулук да кесипти аркалап келе жаткандыгы маалым.

Чолпон өзүнүн чыгармачылык жолун 2010-жылы "Non-Stop" дуэтинде ырдоо менен баштаган. Дуэт көптөгөн хит ырларды жаратып, кыргыз эстрадасында өз ордуларын таба алышкан. Ырчы жөнүндө кызыктуу фактылар:

  • Ар бир ырына өзүнчө кийими бар, бул дуэттин өзгөчөлүгү деп эсептейт.
  • Социалдык тармактардан орунсуз сын айткан адамдарды дароо өчүрөт.
  • Күйөрманынан тирүү коёнду белекке алган.
  • Репертуарындагы эң жакшы көргөн ыры "Бийиктик".
  • Ырчынын маймылдар менен байланышкан кызыктуу окуялары көп. Бир жолу Чолпондун кол телефонун маймыл жула качса, экинчисинде дублёнкасын боёк менен булгап салган. Муну ырчы кыз Максаттын маймыл жылында төрөлгөнү менен байланыштырат.

22-сентябрдын жылнаамасы.

Non stop
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан