Жабык имараттагы Азия оюндары: Анара Рыскулова алыш күрөшү боюнча коло медаль үчүн күч сынашат

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз балбаны Анара Рыскулова алыш күрөшү боюнча коло медаль үчүн күч сынашат.

Кыз-келиндер арасындагы 55 килограммга чейинки салмакта Анара Рыскулова жарым финалда өзүнүн түркмөнстандык атаандашына жеңилип калды. Түркмөнстандык балбанга 3 упай айырмачылыгында утулуп калган Анара эми коло медаль үчүн күрөшөт.

Белгилүү болгондой, буга чейин Анара жабык имараттагы V Азия оюндарында эркин күрөш боюнча коло медалдын ээси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан