Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү БШКдан Жээнбековго эскертүү берип, Зилалиевдин жоопкерчилигин кароону талап кылды

Бүгүн, 22-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштеринин жүрүшүнө карата түшкөн арыз кайрылууларды карап жатат. Буга чейин интернетте дин аалымы Чубак Жалилов менен вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин айткандары тууралуу видео, аудиоматериалдар тарап, социалдык түйүндөрдө талкуу жараткан. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз түшкөн. Анын негизинде БШКнын кызматкерлери вице-премьер-министр Зилалиевдин катышуусунда маселени карады.

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү бул маселеде өкмөт өкүлүнүн жана Жээнбековдун жоопкерчилигин кароону сурады.

гүт учурунда мыйзам бузууларга жол берди деп Жээнбековдун жоопкерчилигин кароону биз талап кылып жатабыз. Ошондой эле Жээнбековго эскертүү берүүнү да талап кылабыз. Мындан тышкары Баш мыйзамды сактагандыгы же сактабагандыгы боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин билдирүүсү боюнча териштирүү, мамлекеттик бийлик өкүлүнүн дисциплинардык жоопкерчилигин кароону сурап жатабыз", - деди Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков.

Ал эми Сооронбай Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бул маселеде талапкер Жээнбековдун тиешеси жок экендигин айтып, эгер бул жагдайда мыйзам бузулган болсо Дүйшөнбек Зилалиев өзү жооп бериши керектигин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан