Түркмөнстандын Ашхабад шаарында жабык имараттагы Азия оюндары өтүп жатат. Анын алкагында алыш күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмакта Мээрим Момунова алтын медаль утуп алды. Ал чейрек финалда түркмөнстандык Зухра Мадраимованы, жарым финалда казакстандык Улжан Дусейбаеваны, финалда түркмөнстандык Зарина Абдырахманованы утту.