23-26-май күндөрү Бишкекте кыргыз президентинин Кубогуна арналган ат спорту боюнча эл аралык мелдеш өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиянын спортчулары катышты. Кыргызстандын атынан Юрий Воронин Атриум аты менен, Садыр Мамытов Куинтендро, Валентина Дуболазова Алтын-хан жана Ринат Галима Арман аты менен чыгышты. Мелдештин жыйынтыгы менен Өзбекстандын командасы эң көп упай топтоп биринчиликти алса, орусиялыктар экинчи, кыргызстандыктар 3-орунду ээледи.