"Апамды издейм" тасмасы Казакстандын улуттук "Тулпар" киносыйлыгына татыды. Бул тууралуу Кинематографты өнүктүрүү фонду кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган фильм эң мыкты чет элдик тасма деп табылган. Бул жылы уюштуруучулар сынактын масштабын кеңейтүү үчүн "Эң мыкты чет элдик тасма" номинациясын киргизген. Буга байланыштуу анда Орто Азиядагы катышуучулардан башка Түркиянын, Якутиянын фильмдери да көрсөтүлгөн.
"Маселен Түркия 4 тасмасын сунуштаган. Уюштуруучулар анын ичинен "Көк велосипед"/ "Mavi Bisiklet" тасмасын тандап алышкан", - деп жазылат маалыматта.
"Апамды издейм" тасмасынын жаратуучуларына сыйлык кечээ, 22-сентябрда Казакстандын улуттук "Тулпар" киносыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде берилген.
Жалпысынан "Тулпар-2017" киносыйлыгына 4 фильм ээ болду:
- «Апамды издейм» (Кыргыз өлкөсү, режиссёру Руслан Акун, продюсер Нурбек Айбашов);
- «Мушкилкушо»/ «Жеңип чыгуу» (Тажикстан, режиссёру Умедшо Мирзоширинов, продюсери: Светлана Джумаева жана Махмадрахим Каримов);
- «Көк велосипед»/ «Mavi Bisiklet» (Түркия, режиссёру Умит Керекен, продюсери Нурсен Четин Керекен);
- «Шамалга ойногон от» (Якутия, режиссёру Дмитрий Давыдов, продюсери Сардана Савин).
Айта кетсек, 1 саат 50 мүнөткө созулган "Апамды издейм" тасмасы ушул жылдын февраль айында жарык көргөн. Социалдык драма, комедия жанрындагы фильмдин башкы каармандарынын образын Казак актёру Тауекел Мусилим жана кыргыздын жаш актёру Азамат Уланов аткарган.