Голливуд жылдыздары Бейонсе жана Жей Зи 26 миллион долларга хан сарай сатып алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Белгилүү болгондой, үй 2009-жылдан бери сатыкта туруп, анын алгачкы баасы 39,5 миллион долларды чапчыган. Бирок көпкө чейин сатылбай тургандыктан соңку баасы 26 миллион долларды түзгөн.
Аталган хан сарайда 7 уктоочу, 9 жуунуучу бөлмө жана чоң ашкана, сыртында бассейн жайгашкан.
Маалыматка ылайык, бул үй жылдыздардын ушул жылдын ичинде сатып алган экинчи үйү. Буга чейин, тагыраагы, август айында түгөйлөрдүн Лос-Анжелестин Бель-Эйр районунан 75 миллион долларга жаңы төрөлгөн эгиздери үчүн хан сарай сатып алганы айтылган.