"Түркия сулуусу 2017" сынагынын жеңүүчүсү социалдык тармакка жазган посту үчүн таажысынан кол жууду

"Түркия сулуусу 2017" сынагынын жеңүүчүсү 18 жаштагы Ытыр Эсен интернеттеги социалдык тармакка жазган посту үчүн алган таажысынан кол жууду. Бул тууралуу сынактын расмий баракчасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, сынак сентябрь айында өтүп, Ытыр Эсен жеңүүчү болгон соң, анын интернеттеги социалдык тармактагы жеке баракчасына июль айында жазган посту талкууга алына баштаган. Анда, "сулуу" айызы келип жатканын, анын каны 2016-жылы 15-июлда орун алган төңкөрүштүн баатырларынын канына кошулуп кеткенин жазган.

"Түркия сулуусу 2017" сынагынын уюштуруу комитети "Биз бул маалыматты Ытыр Эсен өзү жазганы үчүн капа болдук. Тилекке каршы, мындай орунсуз билдирүүнү жазган адам "Түркия сулуусу" боло албайт", - деген билдирүү тараткан.

Мындай жыйынтыктан соң "Түркия сулуусу 2017" наамы 2-орунду алган Аслы Сюменге өтүп, 2-орунга Пынар Тартан, 3-орунга Ясемин Чоклар татыган.

Эскерте кетсек, 2016-жылы 15-июлдан 16-июлга караган түнү Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болгон. Куралдуу жаңжалдан 265 адам каза тапса, 1440 адам жаракат алып, 6000дей адам төңкөрүш жасоого шектелип камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
Aijana121197
2017-09-24 16:14:22
Аслы Сюмени сулуураак экен
+8
ksb
2017-09-24 16:20:47
Силердин атыңар деле түрктөргө күлкүмүштүү угулат,кабатыр болбогула)))
+13
arzygulR
2017-09-24 16:56:55
Сулуу деле эмеско
+5
Batma08
2017-09-24 18:35:53
Хаха камментарийлерго
+5
FIFA18
2017-09-24 19:03:53
Аслы Сюмен сулуу экен озу сулуулукту салыштырганда,Ытыр дегени эмне бул жакта журот тушунуксуз
мындай женский проблемалларды ачыкка апчыгып суйлоо бул сулууларга туура келбейтко
+3
Kuba-savai87
2017-09-24 19:25:55
Айызы кантип кошулуп кеткен? Кантип кошту? Же чупурогун ыргытканбы? Кандай кылганы жонундо маалымат жокбу же мен тушунбой атамбы
+9
Kanykei-meerimka
2017-09-24 19:26:08
Кантип кошулуп кетиптир???
+6
Isco23
2017-09-24 20:25:20
Kanykei-meerimka,кантип кошсо болот эле айтсанар тушунбогондорго
+4
Jarookerjan
2017-09-24 21:12:19
Сулуулугу болгону менен,акыл эс,адеп ахлак жактан аксаган экен байкуш.
+4
malywKG
2017-09-24 21:44:18
Эчтемке таппай калып ошол чупурок менен аскерлердин жаратын байлаптыр мен азыр озунон сурадым
+3
dina
2017-09-24 22:33:13
malywKG,)))хаха
+2
Jumahmatov
2017-09-24 23:03:32
Айызы турба менен барып кошулуптурбу же канал менен агып барып кошулуптурбу? билгендер айтып койгулачы ъ
+4
Lekarstvosvoegomuja
2017-09-25 00:24:39
Ээх! Бул турктордо байлык бийлик болгону менен калганы соз менен жеткирилгиз
0
jon.as
2017-09-25 04:22:20
Жинди кызго эми анын эмнесин жазат.
+2
portugalia
2017-09-26 08:41:13
Акылы токтой элек кыз экен да.Жаш баланын созу го
+1
aminali
2017-09-27 21:10:58
18 Эмес 40 жаштагыдай корунот экен!
-1
Aynura87
2017-10-01 22:50:40
Super info Itir Esendin postun tuura emes kotorup koyupsunar. Anday degen emes! " Bugun erten m.n ayiz kanim keldi. 15 iyul baatirlarinin baatirdigin korsotup men da kanap kittuktap atam."dep jazgan
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан