Америкалык соул-ырчы Чарльз Брэдли 68 жашында дүйнө салды

Америкалык соул-ырчы Чарльз Брэдли 23-сентябрда 68 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу жакындары анын интернеттеги социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлашты.
Ырчы ашказан рагы менен жабыркап келгени маалым болду.
Белгилүү болгондой, Брэдли 2017-жылдын башында бир нече аймактарга концерттик программалар менен барып келген. Бирок соңку учурда оорусу күчөп, ашказандан боорго өтө баштаганда эрте пландалган концерттеринин баарын токтотууга мажбур болгон.
Чарльз Брэдли карьерасын кеч баштаган чыгармачыл инсандардын катарын толуктайт. Ал алгачкы ырларын 2002-жылы 54 жашында чыгарып, "No Time for Dreaming" аталышындагы дебюттук альбому 62 жашында жарыкка чыккан. Ал эми үчүнчү альбому 2016-жылы ырчы ажалга жеткирчү оору менен алышып жүргөн кезде жарык көргөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан