Экс-министр Равшан Сабиров ачкачылык жарыялады

Жогорку Сот тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров аталган мекеменин ишин текшерүү талабы менен ачкачылык жарыялаганын анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. Сабиров ошондой эле ишти жеке көзөмөлүнө алууну президент Алмазбек Атамбаевден өтүндү.  

Ушул жылдын 7-мартында Бишкек шаардык соту Р.Сабировду үй мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыраткан. 23-майда Жогорку Сот ал чечимди күчүндө калтырды. Айта кетсек, 2012-жылы экс-министр менен анын жардамчысы "чет өлкөлүк бала багып алуучу уюмдан пара алган" деген шек менен айыпталып келген.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Chika12
2013-05-27 19:53:17
Маа десе эч нерсе жебей жата берсин, канчага чыдайт экенин коробуз.
0
Sagy
2013-05-27 21:52:57
Уурдаган акчалары туногсо керек да))
0
ruslan1969
2013-05-29 01:21:17
Ушу бойдон эчтеке жебей калсан болот эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан