ЖЫЛНААМА, 25-СЕНТЯБРЬ: 18 жашында алгачкы миллионун таап, ырчылыктан кино тармагына өткөн америкалык актёр Уилл Смит 49 жашка толду

"Тентек балдар" тасмасы аркылуу баш айланткан популярдуулукка жеткен америкалык актёр Уилл Смит 1968-жылы 25-сентябрда АКШнын Филадельфия шаарында туулган.

Ал мектеп жашынан эле рэп менен алектенип, акырындан ыр дүйнөсүнө аралаша баштайт. Балалыгындагы “Ханзаада” кличкасын сахнада чыгармачылык псевдоним катары колдонуп, кийинчерээк жакын досу белгилүү рэп ырчысы Жефф Таунс менен биргеликте "DJ Жаззи Жефф жана Мыкты Ханзаада” деген топ түзгөн. 18 жаш курагында ырчылыктан тапкан алгачкы миллион долларын жеке кызыкчылыгы үчүн жумшоону чечип, көңүл ачууга, үй, автоунаа жана алтын-күмүш жасалгаларын сатып алууга коротуп жок кылган. Андан көп узабай эле аталган топ ырчылардын изденүүнүн үстүнөн иштебей калышканына байланыштуу тарап кеткен.

1989-жылы Уилл Смитке Куинси Жонс аттуу кинорежиссёр тасмага тартылуу сунушу менен кайрылат. Жыйынтыгында актёрдун катышуусундагы “Бель-Эйрдик мыкты Ханзаада” аттуу сериал жарыкка чыккан. Бул көп сериялуу кинотасма 6 жыл бою экрандан түшпөй, анын натыйжасында актёр чогулуп калган салыктарынан, карыздарынан кутулууга мүмкүнчүлүк алат.

Биринчи эмгегинен эле таланттуу экендигин далилдей алган Смитти "NBC" телекомпаниясы жактырып, дароо кийинки фильмдерде роль жаратуу боюнча келишимге кол коюшат. Чыныгы атактуулук актёрго “Тентек балдар”, “Боштондук күнү” кинотасмаларынан кийин келген. Ал убакта актёр ар бир тасмага тартылуусу үчүн 5 миллион доллар өлчөмүндөгү гонорар талап кыла баштаган.

Актёрлук кесиби Уиллдин жан дүйнөсүнө да чоң өзгөрүү киргизген. Айрым маалымат кызматтарында камера алдында айтылуу америкалык боксчу Мохаммед Алинин ролун жаратуу менен кийин анын образынан чыга албай, ислам динин тутуп, мусулман экендигин жар салып чыккандыгы айтылат. Бирок кийинчерээк кайсы динди карманып жүргөнүн элге айтуудан таптакыр баш тартып, азыркыга чейин сыр кылып келет.

Актёр 1992-жылы Шири Зампино аттуу айымга үйлөнүп, 1 уулдуу болгон соң ажырашып кетишкен. Андан соң Жаде Пинкетт деген сүйүктүүсү менен баш кошуп, 1 кыз жана 1 уулдуу болушкан. Кызы менен "Мен - уламыш" тасмасына чогуу тартылса, уулу менен "Бакытты издөө", "Биздин доордон кийин" фильмдерине тартылган.

Актёр үй-бүлөсү менен

Уилл Смит тууралуу кызыктуу фактылар:

  • АКШнын мурунку президенти Барак Обама “эгер мен тууралуу фильм тартыла турган болсо, башкы каармандын ролун Уилл Смит аткаруусун кааламакмын” деп билдирген. Бул тууралуу актёр “экөөбүздүн келбетибиздеги окшоштук – кулактарыбыздын чоңдугу” деп тамаша-чын иретинде пикир калтырган;
  • Уилл Смит “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн алгачкы рэп ырчысы;
  • Актёр карьерасында өзүнүн жаңы­лыш­ты­гы катары “Матрица” фильминдеги баш каармандын ролун жаратуу сунушун четке какканын эсептейт. “Мен элдин элесинде өзгөчө элес болуп калуу мүмкүнчүлүгүмдү коё берип жибердим. Карьерамда бир гана өкүнгөнүм ушул”, - деген ал бул тууралуу.
  • Таң калычтуу болушу мүмкүн, бирок актёр ушул кезге чейин сууда сүзүүдөн коркот;
  • Орто мектепти гана аяктап, актёрлук боюнча жогорку билимге ээ болгон эмес;
  • Окуучу кезинен эле математиканы жакшы өздөштүрүп, шахматта мыкты ойнойт;
  • Жалпысынан 100дөн ашуун тасмада роль жараткан;

25-сентябрдын жылнаамасы.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан