Жабык имараттагы Азия оюндары: Бекназар Раимкул уулу Кыргыздын пайдасына 7-алтын медалды алып келди

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз самбочусу Бекназар Раимкул уулу алтын медалды жеңип алды.

Бекназар Раимкул уулу 74 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттеште индонезиялык Жефри Топанды 8:0 эсебинде жеңип, жарым финалда түркмөнстандык Сатлык Карыевди да жеңген. Финалда Раимкул уулу казакстандык Ассылбек Смаилов менен күч сынашып 13:6 эсебинде аны дагы жеңип алды.

Ал эми Данияр Алымжанов 100 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, чейрек финалда монголиялык балбанды жеңип, жарым финалда түркмөнстандык Бабажан Иввадулаевди утуп финалга өткөн. Финалда Кыргыз спортчу түркмөнстандык Карымурат Аннатурбановго туш келген. Беттештин жыйынтыгында түркмөн самбочу жеңишке жетип Данияр Алымжанов күмүш медалын тагынган.

Жана ошондой эле 100 килограммга чейинки салмак ченинде Улукбек Мамытов жана 74 килограммга чейинки салмак ченинде Салмоорбек Маматемин уулу коло медалдарын тагынган.

Бул жыйынтык менен Кыргыз өлкөсү 48 медалга ээ. Алардын ичинде 7 алтын, 15 күмүш жана 26 коло медаль. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 11-орунда жайгашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Batma08
2017-09-25 00:36:02
Куттуктайбыз
+1
ALMAAAN
2017-09-25 00:43:26
10чу местада келеттык элего
0
marselkalmurzaevkg
2017-09-25 01:02:50
Алтын алсак эле аркага кеттетабызгоо кайра
0
Abramovich
2017-09-25 04:15:19
marselkalmurzaevkg, Башка командалар дагы алтын алса керек да, кобуроок
0
guku_80r
2017-09-25 07:36:41
Озу канча мамлекет катышып атат
0
grace
2017-09-25 08:24:05
Азаматтар, куттуктайбыз! Дагы да ушундай жеңиштер насип кылсын биздин спортчуларга!
+2
aiza16
2017-09-25 08:37:22
Менин кайним да. Куттуктайм! Сыймыктанабыз.
0
Syn4y
2017-09-25 08:40:22
Ушундан көрө олимпиададан алсаңар сонун болмок
-5
yasmina_kg
2017-09-25 11:19:01
Syn4y,Озун спортко катышпаганын корунуп турат.Олимпиадага жетиш учун эмне деген оюндарга катышып, жениш керек.
0
EDIKO_YSA
2017-09-26 13:51:59
Кара-Кулжа эле эмес Бутундой Кыргыз элинин намысын коргоп атасын, сага ийгилик каалап Кара-Таштык тагаларынан салам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан