Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз өлкөсү 48 медалга ээ болуп, жалпы медалдык эсепте 11-орунда жайгашууда. Белгилей кетсек, аталган оюндарга Азия жана Океаниядан жалпы 62 өлкө катышууда.
Азия оюндарынын 8 күнүндө Кыргыз спортчулар жалпы 48 медаль жеңип алышкан. Алардын ичинен 7 алтын, 15 күмүш жана 26 коло медалдар.
Алтын медалдардын ээлери:
Эсенбек Кудайбердиев - Алыш (классикалык стиль);
Нурзат Бактияр кызы - Алыш (классикалык стиль);
Алтынай Мамарасул кызы - Алыш (классикалык стиль);
Мээрим Момунова - Алыш (эркин стиль);
Бекзат Тынчтыкбек уулу - Бел боо күрөшү;
Абдурахманхажи Муртазалиев - Жиу-житсу;
Бекназар Раимкул уулу - Самбо.
Күмүш медалдардын ээлери:
Асылбек Калматов - Алыш (классикалык стиль)
Эрланбек Мурзабеков - Алыш (классикалык стиль) жана бел боо күрөшү;
Нурбек Кожобеков - Алыш (эркин стиль)
Тилек Кувалов - Казак күрөш;
Руслан Тавалдиев - Бел боо күрөшү;
Мээрим Мизамидин кызы - Бел боо күрөшү;
Мээрим Момунова - Бел боо күрөшү;
Алтынай Мамарасул кызы - Бел боо күрөшү;
Эсенбек Кудайбердиев - Түркмөн күрөшү;
Назира Марсбек кызы - Түркмөн күрөшү;
Мээрим Жуманазарова - Түркмөн күрөшү;
Данияр Алимжанов - Самбо;
Айткүл Абдылдабек кызы - Самбо;
Гүлшанай Сатарова - Жеңил атлетика.
Коло медалдардын ээлери:
Руслан Тавалдиев - Алыш (классикалык стиль);
Мадаминбек Шаршеналы уулу - Алыш (эркин стиль) жана бел боо күрөшү;
Орозбек Аширов - Бел боо күрөшү;
Ильяс Нишанов - Бел боо күрөшү;
Кадыр Келсинбеков - Бел боо күрөшү;
Анара Рыскулова - Алыш (эркин стиль) жана бел боо күрөшү;
Нурзат Бактияр кызы - Бел боо күрөшү;
Назира Арзыбекова - Бел боо күрөш жана түркмөн күрөшү;
Уулкан Алибай кызы - Бел боо күрөш жана түркмөн күрөшү;
Мирлан Эралиев - Казак күрөшү;
Айдарбек Айтиев - Пахлавани күрөшү;
Кенебек Шамшидин уулу - Түркмөн күрөшү;
Тилек Аманкулов - Самбо;
Улукбек Мамытов - Самбо;
Салмоорбек Маматемин уулу - Самбо;
Арина Клещукова - Жеңил атлетика 1500 метр жана 800 метр аралыкта;
Ариет Бекишов - Жиу-житсу;
Камил Сабитов - Ат менен секирүү;
Юлия Борисова - Кикбоксинг;
Бекжан Матысаев - Тай бокс;
Мээрим Жуманазарова - Күрөш.