ЖЫЛНААМА, 26-СЕНТЯБРЬ: Мындан 25 жыл мурун кыргыздын залкар актёру жана сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморов каза болгон

Сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов мындан 25 жыл мурун, 1992-жылы 26-сентябрда 53 жаш курагында 20 жыл бою күрөшүп келген сейрек кездешүүчү "поликистоз" оорусунан улам көз жумган. Ал төрөлгөндө эле бир бөйрөгү жок төрөлүп, ал эми экинчи бөйрөгүнүн ордуна майда бир нече бөйрөктөр иштечү.

Сүймөнкул Чокморов 1939-жылдын 9-ноябрында Кыргыз ССРинин Чүй өрөөнүндөгү Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. 1953-1958-жылдары Фрунзе көркөм окуу жайын аяктап, 1964-жылы Ленинграддагы Репин атындагы сүрөт, скульптура жана архитектура институтунун сүрөт бөлүмүн бүтүргөн. Ушул жылдын март айында аталган окуу жайга сүрөтчүнүн бюсту коюлган.

Ал Кыргыз ССРинин Эл артисти (1975), СССРдин Эл артисти (1981), Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү (1990), Кыргыз ССРинин мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаты, төрт жолку кинематографист биримдигинин "Эң мыкты эркек ролу үчүн" дипломунун ээси (1969, 1972, 1974, 1978), ошондой эле Кинематографисттер жана сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү жана эки жолку Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

Чокморовдун чыгармачылык таланты эки багытта өнүгүп келген. Сүрөт тартуу жанрында көп эмгектенүү менен кино жаатында да көптөгөн фильмдерде ийгиликтүү актёрдун жүзүн көрсөткөн. Анын "Караш ашуусундагы атышуу" кинофильминдеги биринчи чыгышы, ошондой эле андан кийинки ролдору да белгилүүлүктү алып келген.
Саякбай Каралаев
Сүрөтчү катары пейзаждарды, натюрмортторду тарткан, бирок портрет искусcтвосуна өзгөчө кызыгуу менен караган. Анын моделдери негизинен чыгармачыл адамдар болгон. Ал белгилүү Манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн бир эмес, эки жолу тартып, динамикалуу, таланттуу манасчынын образын ийгиликтүү жараткан. Ошондой эле актёр Советбек Жумадыловдун, Кыргыз ССРинин Эл артисти Алиман Жанкорозованын да сүрөттөрүн тарткан. Өзгөчө көңүл жана жылуулук менен кабыл алынганы "Апа" жана "Менин балам" аталышындагы сүрөттөрү.
Чокморовдун чыгармачылыгындагы өзгөчөлүк - анын чет өлкөлөрдөгү атактуу кино ишмерлери менен кезигүүсү болгон. Япон жергесиндеги киноискусствонун чеберлери менен болгон кезигүүсүндө япон кинорежиссёру Акира Куросава жана актёр Тосиро Мифуненин, италиялык актриса Моника Виттинин сүрөттөрүн тарткан.
Анын артында 400дөй живопись эмгектери жана фильмдерде жараткан эң мыкты образдары калган. Ал эми аты Бишкек шаарынын бир көчөсүнө берилип, 2005-жылы Чокморовго арналган почта маркасы чыгарылган. Ошондой эле 2009-жылы 5 миң сомдук акча купюрасына элеси түшүрүлгөн.
26-сентябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
molorbaev
2017-09-27 08:16:32
Чокморов - улуу талант.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан