Бүгүн, 26-сентябрда Үй-бүлөлүк жашоонун сапатын жакшыртуу жана эл аралык контрацепция (кокустан бойго бүтүп калуудан алдын алуу) күнүнө арналган жыйын болуп өттү. Ага Бириккен улуттар уюмунун Кыргыз жеринин калкынын саны боюнча фондунун өкүлү Нургүл Сманкулова баштаган адистер катышып, жыйындын негизги максаты катары кыргыз элине контрацепция түшүнүгүн кенен жайылтуу саналды.
Маалым болгондой, дүйнөдө жыл сайын 287 миңден ашуун аял төрөттөн же бойкат учурунда каза болсо, 47 миңдей аял аборттун айынан кооптуу ооруга чалдыгат. Көбүнчө төрөт же бойкат учурунда кооптуу дартка чалдыккандардын басымдуу бөлүгүн жаш кыз-келиндер түзөт. Ал эми Кыргыз жеринде төрөт учурунда каза болгон айымдардын саны мурунку жылдарга караганда азайган. Өлкөдө жылына 150 миңден ашуун төрөт катталса, жылына 2 ирет катталган төрөттүн саны 13 миңден ашуун. Мисалы, жылдын башында бир наристе жарыкка келсе, жылдын аягында экинчи ымыркай төрөлөт. Нургүл Сманкулованын айтымында, мындай көрүнүш айымдардын ден соолугуна зыянын тийгизет.
"Үй-бүлөдө наристени сөзсүз түрдө пландап анан төрөш керек. Аялдардын төрөттөрүнүн ортосундагы аралык 2,5 жылдан кем эмес болушу шарт. Азыр көптөр контрацепция ыкмаларын билбегендиктен аборт жасаткандардын саны өсүп, ал эми төрөгөндөрдүн айрымдары наристелерин таштап кетишүүдө. Мындан улам биз бул түшүнүктү калкка кенен жайылтуубуз зарыл. Эгер кыз-келиндер бул ыкманы колдонушса төрөттөн каза болгондордун үчтөн бири болсо да тирүү калмак. Бойго бүтүүнүн алдын алуу үчүн сөзсүз түрдө презерватив, спермицид же гормоналдык таблеткаларды колдонуу зарыл", - деди ал.
Ал эми адистердин бири Галина Чиркина кыздарга бул тууралуу мектептен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты.
"Соңку учурда жаш кыздардын боюна бүтүп, аборт жасаткан учурлары көп катталууда. Мунун себеби алардын контрацепция жөнүндө түшүнүгү жоктугунда. Менимче, аларга мектепте окуп жүргөн убагынан тарта бул боюнча маалымат берүү зарыл", - деди ал.