"Мухтардын кайтып келүүсү" сериалындагы ролу менен белгилүү актриса Наталья Юнникова каза болду

Орусиялык актриса Наталья Юнникова бүгүн, 26-сентябрда 37 жашында каза тапты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, актриса бир нече саат мурун Москвадагы ооруканалардын биринде көз жумган. Ал буга чейин өзүнүн үйүндө кокустан башы менен катуу кулап кеткендиктен дароо ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын мээсине көп кан куюлуп кеткендигин айтышып, абалы начар экенин билдиришкен.

Наталья Юнникова көпчүлүккө "Ашкана" сериалы, "Желе" тасмасы жана "Мухтардын кайтып келүүсү" сериалындагы Василиса Михайлова аттуу лейтенанттын ролу менен белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Snikers18
2017-09-26 19:16:52
Арты кайырлуу болсун.
+2
Akzholtoi
2017-09-26 19:30:14
Мынча жаман кабар
+2
Kroxa
2017-09-26 20:50:03
Жапжаш 37 жашында,,,жаль..
+4
Tyty1990
2017-09-26 21:00:45
Жаман болуптур. Байкуш
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан