Бишкек жана Ош шаарларында 6-7-октябрь күндөрү Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт. Ага аталган өлкөнүн расмий өкүлдөрү, маданий ишмерлери, чыгармачыл топторунун катышуусу күтүлүүдө.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, 6-октябрь күнү Бишкек шаарында Өзбекстандын расмий делегациясынын катышуусунда "Ойкиз эртаги" фильми көрсөтүлүп, кечкисин Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өзбек ырчыларынын концерти орун алат.
Ал эми 7-октябрда маданият кечелери Ош шаарында өтүп, "Сейтек" кинотеатрында жогоруда аталган тасма көрсөтүлөт. Мындан тышкары Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өзбек чыгармачыл инсандарынын концерти өтөт. Ошондой эле маданият күндөрүнүн алкагында "Заманбап Өзбекстан" аталышындагы сүрөт көргөзмөсүнүн уюштурулуусу күтүлүүдө.
Өзбек делегациясын кайрадан узатуу 8-октябрга пландалган.