Канаданын Онтарио провинциясынын тургуну Клейтон үйлөнүү тоюнда сууга чөгүп бараткан баланын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя Клейтон жубайы менен сүрөткө түшүп жаткан учурда болгон. Ал жанындагы дарыяга кичинекей баланын чөгүп баратканын көрүп калып, сууга дароо секирип аны жээкке алып чыккан. Жубайлардын фотографы бул учурду сүрөткө тартып фейсбуктагы жеке баракчасына жарыялаган. Сүрөттөр азыркыга чейин 8 миңден ашуун "жакты" белгисин топтогон. Клейтондун жубайы Британи журналисттерге берген маегинде жолдошунун эр жүрөк сапатынан улам аны сүйүп калгандыгын айткан.