Саналуу мүнөттөрдөн кийин ырчы Аскат Мусабековдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат.
Ырчынын чыгармачылыгы же жеке жашоосу боюнча сизди көптөн бери кызыктырып, бирок жооп ала албай жүргөн суроолоруңуз болсо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып узатыңыз. Аскат Мусабеков суроолорго түз эфир аркылуу жооп берет.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
15:07. Аскат Мусабековдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталды. Ал учурда алпаруучулардын "ойготуучу" суроолоруна жооп берүүдө.
15:12. Суроо: Жан дүйнөнү руханий жактан байытуу үчүн эмне кылышыбыз керек?
"Китеп окуп, театрга көп барыш керек. Искусствонун ар бир жанры адамды өнүктүрүүгө жардам берет".
5-классынан баштап комуз черте баштаганын кошумчалады ырчы.
15:14. Суроо: Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?
Жооп: "Бардык ийгиликтин сыры тынымсыз эмгекте деп ойлойм".
15:16. Ырчы жакын арада "Айданек" ырына клип тартып, элге сунуштайын деп жатканын айтты.
15:18. "Элдин табитин тарбиялай албай жатабыз. Илгери чыгармачыл чөйрө коомду тарбиялап келген. Азыр демократия болуп, ар кандай темадагы жеңил-желпи ырлар чыгып жатат", - дейт ырчы.
15:35. "Кээ бир чыгармалар ырдап жаткан адамдын психологиялык абалын түшүндүрүшү мүмкүн. Ал эми мен ырдаган чыгармаларды менин ырга болгон табитим деп түшүнсөңүздөр болот", - дейт ырчы.
15:30. Аскат Мусабеков колдонуучунун суроосуна "Жубайымды таштаган эмесмин. Менин бир уул, бир кызым бар. Экинчи аялым жок" деп жооп берди.
15:42. "Ырчы болгусу келген жаштар көп кайрылышат. Аларга биринчи ирет музыкалык билим алуу керектигин айткым келет", - дейт ырчы.
15:48. Аскат Мусабеков "Лейли" ырын аткарууда.
15:53. Суроо: Жубайыңыз менен жарашайын деп жатасызбы же башка кызга үйлөнөсүзбү?
Жооп: "Жеке жашоом жөнүндө айтпай эле коёюн. Убакыт көрсөтөт".
16:02. Ырчы оюндун алкагында Ибрагим Жунусовду туурап берди.
16:13. Аскат Мусабековдун түз эфирдеги маеги жыйынтыкталды.