Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова бүгүн, 28-сентябрда 61 жашка толду. Ырчы Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында төрөлгөн. Мектептеги окуусун ийгиликтүү аяктаган соң 1973-жылдан баштап Баткен райондук маданият үйүндө ырчы болуп эмгек жолун баштап, райондук, облустук сынактарга катышып, тар чөйрөгө тааныла баштаган.
Турмушка чыккандан кийин 1974-жылдан тартып Талас облусунун Кара-Буура районунда жашап, 1975-жылдан баштап Кара-Буура райондук маданият үйүнүн алдындагы "Жылдыз" ыр-бий элдик тобунда ырчы, маданий методист катары эмгек жолун уланткан.
1983-жылы Польша мамлекетинде өткөн эл аралык фестивалга СССРдин атынан "Жылдыз" ансамбли катышып, 2-орунду жеңип, "Күмүш балта" сыйлыгына ээ болушкан. Так ушул фестивалда Саламат Садыкова комуздун коштоосунда Б.Эгинчиевдин "Кызыл гүл" аттуу ырын аткарып, солист катары эл аралык сахнадагы алгачкы кадамын таштаган.
1992-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-жылы Казак Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-жылы Кыргыз Эл артисти, 2004-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.
Ырчы тууралуу кызыктуу фактылар:
28-сентябрга карата жылнаама.