Өткөн сутка ичинде өлкөдө 4 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 2 жана Талас облусунда 1 тилсиз жоо орун алды. Талас шаарындагы Талас-Тараз унаа жолунда Ауди 100 үлгүсүндөгү унаа кырсыкка учурап, толугу менен күйүп кетти. Кырсыктын себептери такталууда.