Улуттук китепканада хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмө өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгына арналган “Улутубуздун улукманы” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өттү.
Китеп-сүрөт көргөзмө 4 бөлүктөн туруп, ар бири өзүнчө аталган: "Ким элем, ким болдум?”, “Хирургиянын патриархы”, “Замандаштар жана ойтолгоолор” жана “Устаттын шакирттери”.

Көргөзмөгө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илим жана билим кызматкерлери, медицина кызматкерлери, академиктин замандаштары, жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Иш-чарага келгендер Мамакеевдин өмүр баянын, эмгек жолун, кызыгууларын камтыган китеп-сүрөттөргө көз жүгүртүп, аталган инсан жөнүндөгү маалыматтарга ээ болду. Буга чейин "Улутубуздун улукманы" аталышындагы сүрөт көргөзмө мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналып уюштурулган.
Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Анын балалык мезгили кан күйгөн Улуу Ата Мекендик согуштун дооруна туш келген. Ошол кыйын кездерде орто мектепти аяктап, 1946-жылы борбор калаага келип Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун алдындагы даярдоо бөлүмүнө кирип, бир жылдан кийин институттун дарылоо бөлүмүнүн 1-курсуна өтөт, 1952-жылы окуу жайын бүтөт.

Белгилүү хирургдун медицина тармагындагы көп жылдык эмгеги жогору бааланып, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Элдердин достугу, Кыргыз Республикасынын I жана II даражадагы “Манас” ордендери, медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган. Беш жолу Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2004-жылы ага “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наам ыйгарылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан