"Аватар-2" тасмасы көрүүчүлөргө 2020-жылдын декабрь айында көрсөтүлөт. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, 20th Century Fox компаниясы фильмдин уландысын тартуу үчүн жаш 3 актёрду тандап алган. Жейк менен Нейтиринин биринчи уулу Нетейаманын ролуна Жейми Флеттерс аттуу актёр, 2-уулу - Лоаканын ролуна Бритен Далтон аттуу актёр тандалган. Тринити Блисс аттуу жаш өспүрүм актриса башкы каармандардын кызы Туктерейдин образын жаратат.
"Аватар-2" тасмасынын тартуу иштери башталган. Айрым маалыматтар боюнча, Fox студиясы фильмдин дагы 4 бөлүгүн тартууну жана ага 1 миллиард доллар жумшай тургандыгын пландаган. Фантастикалуу тасманын 2-бөлүгү 2020-жылы көрсөтүлсө, калган сериялары 2021, 2024, 2025-жылдары экранга чыгат.
Эске салсак, "Аватар" тасмасынын биринчи бөлүгү чыкканда анын жаратуучуларына 2,8 миллиард доллар киреше алып келип, эң көп кирешелүү фильмдердин катарына кирген.