"Оно" тасмасы көрүүчүлөрдөн 500 миллион доллар топтоп, дүйнөдөгү тасмалардын ичинен эң көп көрүлүп жаткан фильм катары рекорд коюуда. Аталган тасманын бет ачары ушул жылдын 8-сентябрында өткөн. 1 айга жетпеген убакыт аралыгында ага кызыккандардын саны көбөйүп, сатуудан түшкөн каражаттын жарым миллиард долларга жеткендиги - үрөй учурган фильм үчүн чоң жетишкендик деп жазылат чет элдик маалымат булактарында.
Америкалык жазуучу Стивен Кингдин "Оно" романынын негизинде тартылган бул тасма тапкан кирешесинин суммасы боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунда келе жатат. Кичинекей балдарды коркутуп, кысымга алган маскарапоз тууралуу фильм 44 жыл мурун жарык көргөн "Изгоняющий дьявола" тасмасын артта калтырды.
Warner Brothers компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн директору Сью Кролл: "Көп каражат топтогондон сырткары тасманын режиссёру жана актёрлору ар бир көрүүчүнү ойлонто жана ойгото алышты. Бул эң негизгиси", - деп билдирген.
Тасманын 2-бөлүгү 2019-жылдын сентябрь айында жарык көрөт. Анда биринчи бөлүктө тартылган каармандар 27 жылдан кийин жолугуп, ошонун айланасында окуя уланат. Канадада тартылган "Оно" тасмасына Андрес Мускетти режиссёрлук кылып, 35 миллион доллар каражат жумшалган.