Өзбекстандык өндүрүшчүлөрдүн Бишкектеги көргөзмөсүнүн ачылышында палоо даярдалды (фото)

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Өзбекстандын 4 облусунан келген өндүрүшчүлөрдүн көргөзмөсүнүн ачылыш аземи өттү.

Көргөзмөгө Ташкент шаары, Наманган, Андижан, Фергана облустарынан келген өндүрүшчүлөрдүн товарлары коюлган. Бул иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Ренат Макенов жана Наманган, Андижан облустарынын, Ташкент шаарынын башчылары келишти.

"Көргөзмө кыргыз-өзбек алакаларынын чыңдалып жатканына дагы бир мисал. Мындан ары да бардык тармакта карым-катнаш түзүп достукту бекемдөөгө даярбыз. Ал эми көргөзмөгө келген меймандарга жакшы маанай каалайм. Ага катышкан ишканалар пайдалуу келишимдерди түзүп кетишине тилектешмин", - деди өз сөзүндө Бишкек шаарынын вице-мэри.

Көргөзмөдө жеңил өнөр жай, спорт буюмдары, тамак-аш азыктары, үй-тиричилик техникалары жана көптөгөн багыттагы товарлар коюлган. Өндүрүшчү ишканалардын өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, кызыккандар чыгыш стилинде, шөкөттөлүп жасалган буюмдарды сатып алып жатышты. Мындан сырткары Ташкент шаарынан келген ашпоздор конокторго палоо даярдашты.

Бул көргөзмө 1-октябрга чейин уланат. Көргөзмөгө күбө болууну эңсеген бардык каалоочуларга эшик ачык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nargiza1987k
2017-09-29 14:14:58
Ушулардын баары Озбекстандан чыкса жакшы экен
+1
Adilet_adi
2017-09-29 14:21:59
Булар онугуп алды
+3
Karban86
2017-09-29 14:28:30
Менин ичим ачышпай эле отурам , себеби мен мультимиллионермин, туура тушунгуло алтындарым
-9
Isco23
2017-09-29 15:44:48
Karban86,келиниз АША,Сапаш да келдиби,урматтуу агайын туугандар болсо ал озу мн журот унут иштери мн
+1
Azatbek83
2017-09-29 14:55:53
Чек-Араны жаап эле койушсунчу!
-2
pero123
2017-09-29 15:29:00
[moderated] любой жерде [moderated]!!!
-1
ikitaidesu
2017-09-29 15:33:19
Кийимдери сапатсыз, оюнчуктар жакшы. Кана эми бизде да чыкса...
+2
tavanova.sarah
2017-09-29 15:35:29
ikitaidesu,сапатуусу деле бар, акчасыда сапатууда бирок)
0
AzKumFerDan
2017-09-30 15:24:26
Ушунан Коро кытайдан товарлары дурусураак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан