"Сүйүү элеси", "Күлгүн жаш", "Сүйүү деңизи" жана башка ырлардын аткаруучусу, калкка KG Элмурат деген ат менен белгилүү болгон ырчы бүгүн, 29-сентябрда 30 жашка чыкты.
Ырчыны туулган күнү менен куттуктап чалганыбызда өздүк майрамы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду: "Негизи туулган күнгө көп маани берип майрамдабайм. Досторум, жакындарым чалып куттуктаганы эле болбосо, бүгүнкү күн кадимки эле күндөрдөй үй-бүлөмдүн курчоосунда өтүп жатат. Балким, кечинде досторум менен жолугуп, палоо жеп маектешип отурабыз".
Ырчы KG Элмурат (толук аты жөнү Ильяхунов Эльмурат Калыбекович) Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Красный-Маяк айылында 1987-жылы 29-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Алгач калың элге "Күлгүн жаш" аттуу ыры менен кеңири таанылган.
29-сентябрга карата жылнаама.