Орусиялык белгилүү ырчы Николай Басковдун үлпөт тою болбой калды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ырчынын жана болочоктогу жубайы Виктория Лопырёванын үлпөт тою Чечен Республикасынын Грозный шаарында өтмөк. Бирок Басковдун апасы тойго катыша албагандыгына байланыштуу үлпөт той белгисиз убакытка жылдырылды. Эмне себептен тойго апасы келе албастыгын сурагандарга ырчы ошол күнү каза болгон таятасын эскерүү күнү болорун жана ал апасынын батасы жок турмуш жолуна аттанбасын билдирген.
Ал эми Лопырёванын айтымында, ал бул маселеге 2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинен кийин кайрылышарын белгилеген.
Эскерте кетсек, Николай Басков сүйүктүүсүнүн колун Грозный шаарында сурап, Чечен президенти Рамзан Кадыровду тойго күбө болуусун өтүнгөн.