"Asian World Film Festival" кинофестивалынын жеңүүчүлөрү "Ак илбирс" статуэткасы менен сыйланышат

"Asian World Film Festival" кинофестивалынын жеңүүчүлөрү Кыргыз өлкөсүнөн чыккан коло "Ак илбирс" статуэткасы менен сыйланышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына фестивалдын башкаруучу директору Асел Шерниязова билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдан бери өтүп келген Asian World Film Festival кинофестивалында мындан ары жеңүүчүлөргө колодон жасалган ак илбирс статуэткасы тапшырылат.

"Бул идея фестивалдын уюштуруучусу Садык Шер-Ниязга таандык. Статуэтканы жасап чыгуу үчүн атайын айкел жасаган адистер жана дизайнерлердин арасында акчалай сыйлык менен сынак жарыяланган. Сынакка катышкан көптөгөн эмгектердин арасынан ак илбирс статуэткасы жактырылып, бекитилген. Буга чейин фестивал "Tiffany" компаниясы тарабынан чыгарылган статуэткалар менен жеңүүчүлөрдү сыйлап келген", - деп билдирди башкаруучу директор.

Маалымат үчүн: "Asian World Film Festival" кинофестивалы 2015-жылдан бери Американын Лос-Анжелес шаарында өтүп келет. Фестивалдын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз. Бул фестивалга Азия аймагындагы мамлекеттерден "Оскар" жана "Золотой Глобус" кино сыйлыктарына көргөзүлгөн гана тасмалар катыша алат. Кинофестивалдын кеңешине белгилүү Люси Лью, Владимир Меньшов, Томлин Томита, Андрей Морган киришкен.

Фестивалдын максаты - Азия жана Америка киноматографиясынын ортосундагы мамилени чыңдоо жана Азия чөлкөмүндөгү кино жаратуучулардын эмгектерин бүткүл дүйнөгө көргөзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Ушул жылы фестивалдын алкагында кыргыз кино күндөрү өтөт. Мында 4 кыргыз тасмасы коомчулукка көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан