"I am a Singer" эл аралык сынагына катышып жаткан Нурсултан Раимбеков 3-турга өттү

Казакстанда өтүп жаткан "I am a Singer" жаш таланттар сынагына Кыргыздын атынан катышып жаткан Нурсултан Раимбеков сынактын 3-туруна өттү. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына маалымдады.

"Сынактын 3-туруна өттүм. Буюрса, маанайым жакшы. Мурункуга караганда бир аз көнүп, аз да болсо күйөрмандарым пайда болуп калды. Буга чейинки этаптарда башка тилдерде ырдасам, кийинки турда кыргызча ыр аткарам", - деди ал.

Белгилей кетсек, сынак 18-сентябрдан 31-декабрга чейин өтөт. Ага 6 мамлекеттен 10 ырчы катышып, аларга ар бир турдан соң кийинки таймашка даярдануу үчүн 1 жума убакыт берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pandora
2017-10-01 11:53:48
Ийгилик!!! Жениш менен келишинди кутобущ
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан