Таласта 7 дубандын маданият өкүлдөрүнүн башын бириктирген "Салттуу маданият жумалыгы" өтөт

Таласта 20-22-октябрь күндөрү Ыйман, адеп жана маданият жылына карата "Салттуу маданият жумалыгы" өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, маданият жумалыгынын алкагында 20-21-октябрь күндөрү улуттук "Манас Ордо" комплексинде республикалык кароо-сынак өткөрүлүп, 22-октябрда Эшим Кутманалиев атындагы стадиондо гала-концерт болот.

"Республикалык кароо-сынакка ар бир облустан манасчы, комузчу, төкмө акын, улуттук кийимдердин дизайнерлери, элдик ырлардын аткаруучулары катыша алат. Жеңүүчүлөр калыстар тобу тарабынан аныкталып, аларга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 1, 2, 3-орундар үчүн акчалай сыйлыктар, дипломдор; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан баалуу сыйлыктар ыйгарылат. Иш-чара салттуу маданиятты улуттук нукта өнүктүрүүнү, элдик чыгармачылыктын деңгээлин жогорулатууну жана эл арасынан чыккан өнөрпоздорду, аткаруучуларды элге таанытууну максат кылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан