Депутат Канат Исаев 48 саатка камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Исаевге кечээ, 30-сентябрда "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган.

УКМКнын маалымат кызматынан "Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, К.Исаев Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Ө.Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык баш аламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар жана алар президенттик шайлоо учурунда, ошондой эле добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын бурмалаган деген шылтоо менен андан кийин мыйзамга каршы акцияларга катышуу үчүн колдонулмак", - деп билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Almaz75
2017-10-01 15:39:44
Омүрбек Текебаев,Садыр Жапаров кармалганла аларды колдоп чыгарыш керек эле,эми алар жок бийликке силер пешка элесиңер да,четинен тазалайт эми.
-1
Albe
2017-10-01 16:30:01
48саат дегени уже болду,бутту дегени.
+1
bakulya2015
2017-10-02 01:22:40
Тообо уят эле оз уулдарын оздору камашат. Коркоктор. Ушу шайлоо куну тынч отсо болду эми. Берген добуштарыбыз башкага бурулуп кетпей берген талапкерге кошулса болду. Эгер шайлоо таза отсо жанагы Мадумаров деген инсан отсо керек. Ал инсан элге да жана Аллахкада жакса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан