Америкалык жана орусиялык жылдыздардын арасында өзгөчө эстафета орун алууда. Анын башын баштаган британиялык дизайнер жана ырчы - Виктория Бекхэм.
2016-жылы Виктория Бекхэм интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына бир бутун өйдө көтөрүп жаткан сүрөтүн жүктөп, "Балет менен алектенип, машыкканым текке кетпептир" деген билдирүү калтырган.
Арадан 1 жыл өткөн соң модель Кортни Кардашьян да дал ушундай позадагы сүрөтүн интернетке жүктөп, "Виктория, мен сага кийин чалам, азыр эле футболдук аянтчадан келдим", - деп жазган.
Моделдин бул тамашасын туура кабыл алган Бекхэм "Сага жооп, Кортни Кардашьян" деген билдирүү менен баракчасына кезектеги ушундай калыптагы фотосун илген.
Ал эми кечээ, 30-сентябрда орусиялык ырчы Глюкоза да аларды туурап, "Виктория Бекхэм жана Кортни Кардашьян менен болгон сүйлөшүүм" деген билдирүү менен жогорудагы жылдыздардын позасын туурап түшкөн сүрөтүн жарыялады. Ал гана эмес муну эстафетага айланткан. Тагыраагы, аталган позаны кайталап сүрөт жүктөө кезегин Светлана Лобода, Кети Топурия жана Любовь Успенскаяга узаткан. Аталган жылдыздардын буттарын керүү менен пластикасы канчалык ийкемдүү экенин күтө туралы.