Орусиялык алпаруучу Ольга Бузова унаага чиркелген керебет менен шаар кыдырганы үчүн айыпка жыгылды

ТНТ телеканалындагы "Дом-2" реалити-шоусунун алып баруучусу жана ырчы Ольга Бузова Москванын көчөлөрүндө керебетинин үстүндө отуруп алып жол жүргөнү үчүн айып пулга жыгылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар бүгүн, 1-октябрда жазып чыгышты.

22-сентябрда белгисиз адамдар ырчынын Форд үлгүсүндөгү унаага чиркелген керебетте отуруп баратканын видеого тартып алышкан. Тартип сакчыларына ырчы жаңы ырына клип тартып жатканын билдирген. Ага карабастан Ольга Бузовага автоунаанын кабинасынын сыртында отуруп жол жүргөнү үчүн административдик протокол түзүлгөн.

Ольга Бузова керебети менен жол жүргөнү үчүн айып пулга жыгылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tansuluu09
2017-10-01 18:05:17
Орус оюдагыны кылат

10 кун болдуго бул окуяга )
+16
ekaterinburg
2017-10-01 23:19:27
Канча штраф толоптур?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан