33 жылга эркинен ажыратылган америкалык актёр жана спортчу О.Жей Симпсон 9 жылдан кийин абактан бошотулду

70 жаштагы америкалык актёр жана спортчу Орентал Жей Симпсон ( О.Жей Симпсон) 9 жыл түрмөдө отурган соң эркиндикке чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ал 2007-жылы тарыхый спорттук олжолорду чогулткан сатуучуга кол салган деп айыпталып, бир жылдан кийин 33 жылга эркинен ажыратылган. Ушул жылдын жай айларында сот тарабынан анын жазасы жеңилдетилип, мөөнөтүнөн эрте боштондукка чыгууга уруксат берилген. Мындан улам ал кечээ, 1-октябрда абактан бошотулган.

Белгилей кетсек, Симпсондун ысымы АКШдагы чоң ызы-чуу жараткан соттук иш менен байланыштуу. Тагыраагы, ал 1994-жылы жубайы Николь Браун менен анын көңүлдөшү Рональд Голдманды өлтүргөн деп айыпталган. Бирок ал күчтүү жактоочуларды жалдагандыктан, каза болгондордун жакындарына 30 миллион доллар төлөп, өмүр бою эркинен ажыратуу коркунучунан кутулган.

О.Жей Симпсон футболдук карьерасын жыйынтыктагандан кийин бир канча жарнамаларга тартылып, андан соң кино жаатына аралашкан. Ал тартылган тасмалардын эң белгилүүсү - "Жылаңач тапанча 1-2-3" фильмдериндеги детектив Нортбергдин образы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2017-10-02 12:30:40
Lion., провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан