Бүгүн, 3-октябрда саат 15:00дө SUPER.KG порталынын түз эфиринде модель, "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсү жана "Top Model Of The World 2016", "Miss Intercontinental 2016" сынактарында Кыргыз мамлекетинин атынан катышкан Бегимай Карыбекова конокто болот.
Кыргыз жеринде эле эмес, Европа, Азия өлкөлөрүндөгү подиумдарда мода көрсөткөн сулуу тууралуу сизди кызыктырган суроолор болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып узатыңыз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген суроонун ээсине белек ыйгарылат. Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.