"Тамашоучу" Эрмек Таалайбеков сүйүктүүсүнүн колун сурады, үлпөт той 1 айдан кийин болот

"Тамашоучу" жана актёр Эрмек Таалайбеков 1-октябрдан 2-октябрга караган түнү сүйүктүүсүнүн колун сурады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына актёр өзү маалымдады.

"Бүгүн сүйүктүүм Бекзаданын туулган күнү. Көптөн бери атайын ушул күнү ишке ашырсам деп пландап жүргөн тилегиме жеттим. Тактап айтсам, түнкү саат 12:00дө досторубуз менен биргеликте аны куттуктаганга барып, ошол жерден колуна шакек салып, үйлөнүү сунушун киргиздим. Сүйүктүүм "ооба" деген жооп айтты. Буюрса, ноябрь айынын башында үлпөт той өткөрүү алдында турабыз", - деди ал кубана.

Белгилей кетсек, Бекзада Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде иштейт. Жакында эле аталган иш тармагындагы кызматкерлер арасында өткөн "Мисс Горнячка-2017" сулуулар сынагында Гран-Приге ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kaninaiman
2017-10-02 12:13:51
Султан сулейманбы бул бала?? Бактылуу болгула
+2
erkeleim
2017-10-02 12:31:13
Тамашоуду уюштурган балага наам бериш керек! Канчалаган жаш муундарды жакшы жолго салып жумуштуу кылды болбоду дегени тойлордо тамада Мен уюштуруучуга чын журоктон ыраазымын
+6
Alixan-Nookat.2015
2017-10-02 13:13:39
Эрмек Нурбаев коп баланын пешенесин ачып эл тааныган элге кызмат кылган балдарды тарбиялады. Мисалы бул баланы деле таанымал кылганга Эрмектин салымы чонда. Супер инфо Эрмектин кандай сыйлыктары бар экенин канча бала тарбиялаганын кандай жетишкендиктерге жеткенин талдап газетанарга чыгарсанар мумкун маданият министрлиги окуп ойлоноор. Нонеймдин концертинде Жанышбы же Байышбы Момуновбу маданият министрлиги тарабынан Эрмек жакшы бир сыйлыка коргозулуп жатат деп эл алдында айткан эле ал эмне болду
+7
admin_superstan
2017-10-02 15:02:31
Alixan-Nookat.2015, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
Djal1987
2017-10-02 15:03:10
Бактылуу болсун. Инстасына бир жолукчан кызды жуктоп жолуксуз кыздарга салыштырып, жоолуксуздарды сындаган эле, озунун аялы жарым жартылай ачык кийинип на показда турат го.
+2
Azat.97
2017-10-02 15:39:41
Эрмек Нурбаев париот байкебиз аман болунуз.Улгу алабыз.
+1
Jojom2015
2017-10-03 01:13:39
Азаматсын Эрмек. Бекзаданын ата - энеси, туугандары бакылдаган жайдары, бир ооздорунан жаман соз чыкпаган алтын гана адамдар. Бактылуу болгула!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан